Салык төлөөдөн баш тарткан компаниянын жетекчиси абакка түштү

Жазылуу
Учурда анын башка кылмыштарга тиешелүүлүгү текшерилип, тергөө амалдары улантылып жатат.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Салык төлөөдөн баш тартып, мамлекетке үч миллион сом зыян келтирген жергиликтүү ишкананын жетекчисине кылмыш иши козголгонун Финансы полициясы билдирди.

Кишен жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Салыктан жөө качкан ишкер кармалды
Маалыматка ылайык, аталган жетекчи Бириккен Араб Эмирлигинен 90 миллион сомдук товарды бажы көзөмөлүнөн тыш алып өткөн.

Аталган факт боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде компания жетекчиси соттук чечими менен тергөө абагына камакка алынды. Учурда анын башка кылмыштарга тиешелүүлүгү текшерилип, тергөө амалдары улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0