Мас күйөөсүн үбөлүк менен сабаган аялга кылмыш иши козголду

Жазылуу
Чыр күйөөсүнүн "кырк жылкыны" айдап алып келгенинен чыкканын аялы милициянын сурагында айтып берди.

БИШКЕК, 24- ноя. — Sputnik. Күйөөсүн аялы ачуусуна чыдабай үбөлүк менен сабап салган. Бул туурасында Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эркектин колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аялын сабаган кызыл камчыга министрдин өкүм зордугу менен араң кылмыш иши козголду
Полтавка айылынын 49 жаштагы жашоочусу 30-сентябрь күнү болжол менен кечки он бирлерде мас абалында Жайыл райондук ооруканасына түшкөн. Милиция эркек аялынан токмок жеди деген шек менен анын өмүрлүк жарын кармаган. Тартип коргоо органдарына аял казан-аяк кагышып кетип, күйөөсүн үбөлүк менен башка берип калганын мойнуна алган.

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 104-берене (саламаттыкка билип туруп зыян келтирди) деген берене менен кылмыш ишин козголду.

Жаңылыктар түрмөгү
0