Аялдын эсеп картасын уурдап, банктан акчасын алып алган 17 жаштагы кыз кармалды

© Sputnik / Василий Батанов / Медиабанкка өтүүБанкомат. Архив
Банкомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыз аялдын капчыгын Панфилов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен байкатпай уурдап алган. Анын ичинде эсеп картасы жана пин-код жазылган кагаз болгон.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Эсеп картасын уурдап, банктан 136 миң сом алып алган 17 жаштагы кыз кармалганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Ноутбукта иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда биринчи жолу банк эсептеринен акча уурдаган кылмышкерлер кармалды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 9-ноябрында Бишкектин Динара аттуу 50 жашар тургуну шаардын Панфилов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинен кыздар анын капчыгын уурдап алганы жөнүндө арыз менен кайрылган. Анын айтымында, намыяндын ичинде эсеп картасы жана пин-код жазылган кагаз болгон. 

Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында акча уурдоого шектелип 17 жаштагы Нуркыз аттуу жаран колго түшүрүлгөн. Учурда тергөө иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0