Оштогу жер титирөөдөн 6 үй талкаланып, 30 там уроо коркунучунда турат

© пресс-служба МЧС КРӨзгөчө кырдаалдар министрлиги Кубатбек Боронов өткөзгөн видеоконференция.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кубатбек Боронов өткөзгөн видеоконференция. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда зилзала келтирген зыяндын көлөмүн аныктоо жана жапа тарткан элге биринчи жардам көрсөтүү боюнча иштерди ӨКМдин ыкчам тобу жана Жарандык коргоо боюнча комиссия аткарууда.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Кечээ түнү жана бүгүн Ош облусунда болгон жер титирөөдөн алты турак үй жарым-жартылай талкаланып, дагы 30 там авариялык абалда экени аныкталганын ӨКМ билдирди.

© Фото / Бексултан Эрмамат уулу17-ноябрда түнкү саат 11.30дар чамасында жана түнкү саат 2.00дөр чамасында экинчи жолу жер титиреген.
17-ноябрда түнкү саат 11.30дар чамасында жана түнкү саат 2.00дөр чамасында экинчи жолу жер титиреген. - Sputnik Кыргызстан
1/3
17-ноябрда түнкү саат 11.30дар чамасында жана түнкү саат 2.00дөр чамасында экинчи жолу жер титиреген.
© Фото / Бексултан Эрмамат уулуКечээ түнү жана бүгүн Ош облусунда болгон жер титирөөдөн алты турак үй жарым-жартылай талкаланды.
2/3
Кечээ түнү жана бүгүн Ош облусунда болгон жер титирөөдөн алты турак үй жарым-жартылай талкаланды.
© Фото / Бексултан Эрмамат уулуНатыйжада жер титирөөнүн очогу болгон Кара-Суу районунун Чайчи айылындагы 59 үй текшерүүдөн өттү.
3/3
Натыйжада жер титирөөнүн очогу болгон Кара-Суу районунун Чайчи айылындагы 59 үй текшерүүдөн өттү.
1/3
17-ноябрда түнкү саат 11.30дар чамасында жана түнкү саат 2.00дөр чамасында экинчи жолу жер титиреген.
2/3
Кечээ түнү жана бүгүн Ош облусунда болгон жер титирөөдөн алты турак үй жарым-жартылай талкаланды.
3/3
Натыйжада жер титирөөнүн очогу болгон Кара-Суу районунун Чайчи айылындагы 59 үй текшерүүдөн өттү.

17-ноябрда түнкү саат 11.30дар чамасында жана түнкү саат 2.00дөр чамасында экинчи жолу жер титиреген. Биринчи жер титирөөнүн очогу Кара-Суу районунда катталса, экинчи жер титирөөнүн очогу Ош шаарынан 28 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан. Андан кийин 18-ноябрда түшкө маал үчүнчү ирет 4 баллдык жердин силкинүүсү катталган.

Кыргызстандын түштүгүндө кайтадан жер силкинди
Маалыматка ылайык, зилзаладан келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жана жапа тарткан элге биринчи кезектеги жардам көрсөтүү боюнча иштерди ӨКМ ыкчам тобу жана Жарандык коргоо боюнча комиссия аткарууда.

Натыйжада жер титирөөнүн очогу болгон Кара-Суу районунун Чайчи айылындагы 59 үй текшерүүдөн өтүп, анын ичинен алты турак жай жарым-жартылай талкаланып, 30 там авариялык абалда экени аныкталган. Мындан тышкары, сегиз үй капиталдык оңдоого муктаж болсо, 15 тамды жеңил ремонттон өткөрүү каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0