Кыргызстанда бүгүн түнү дагы бир жер титирөө катталды

© Фото / Пресс-служба МЧС КРКөчкөн дубал. Архив
Көчкөн дубал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лангар айылында 3,8 балл, Кара-Сөгөт айылында 3,5 балл, Баш-Булак айылында 3 балл жана Ош шаарында 2-3 баллга чейин сезилген.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Бүгүн түнү Кыргызстанда саат экиде 4 баллдык жер титирөө болгонун Сейсмология институтуна таянуу менен ӨКМ билдирди.

Сейсмограф. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ: жер титирөөнүн күчү 7 баллга жетип, 4-5 үйдүн дубалдары урады
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Лангар айылынан 7 чакырым түндүк-чыгышты карай, Кара-Сөгөт айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты карай, Баш-Булак айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышты карай жана Ош шаарынан 28 чакырым түштүк-чыгышты карай жайгашкан.

Лангар айылында 3,8 балл, Кара-Сөгөт айылында 3,5 балл, Баш-Булак айылында 3 балл жана Ош шаарында 2-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0