Сокулукта машина сүзүп бир киши каза болду

© Фото / Nate Steiner / wheel gripАйдоочу. Архив
Айдоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерге келген милиция кызматкерлери тарабынан экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүүдө.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Сокулуктагы Аэропорт — Жаңы-Жер унаа жолунда "Мерседес-Бенц Актрос" унаасын башкарып келе жаткан айдоочу жөө бара жаткан адамды сүзүп, ал ошол эле жерден каза болгонун Чүй ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 15-ноябрь күнү болжол менен саат 16.00дө болгон. Каза болгон жарандын 53 жашта экени анык болду. 

Экспертиза дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0