Жарандарды Сирия менен Иракка жөнөтүп турган уюмдун мүчөсү кармалды

Жазылуу
Сурак учурунда ал тыюу салынган "Катибат аль-Имам Бухари" террористтик уюмдун мүчөсү экенин, колго жасалган жардыруучу түзүлүштөр менен бир катар террористтик акцияларга даярдык көрүп келгенин мойнуна алган.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. ИИМдин 10-Башкы башкармалыгы тарабынан Ош облусунда жергиликтүү тургунду Сирияга жөнөтүп жаткан 19 жаштагы жаран кармалганын аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, бир канча убакыттан бери жарандардын Сирия жана Ирак мамлекеттерине жөнөтүү менен алектенген Ноокаттын жашоочусу аэропорттон кезектеги "кардарды" узатып жатканда кармалган.

Сирияга кетип жаткан кыргызстандык беш жаран Түркиянын чегинен кармалды
Аталган жаран согуш аракеттери жүрүп жаткан жерлерге жаңы адамдарды жиберүүдөн тышкары, каржы, документ тууралоо жана авиабилет менен камсыздоо сыяктуу да маселелрди да чечи келген. 

Сурак учунда ал тыюу салынган "Катибат аль-Имам Бухари" террористтик уюмдун мүчөсү экенин, колго жасалган жардыруучу түзүлүштөр менен бир катар террористтик акцияларга даярдык көрүп келгенин мойнуна алган. Үйүн текшере келгенде эки жардыруучу түзүлүш, аралашма куюлган бөтөлкөлөр, диний адабият, DVD дисктер, уюлдук телефондор, сим-карталар табылган.

Учурда аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, аталган жарандын айланасында жүргөн адамдардын чоо-жайы жана эл аралык террористтик уюмдун башка мүчөлөрү аныкталып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0