Токтогулда ири көлөмдө нашаа саткан аял кармалды

Жазылуу
Дайындалган экспертизанын натыйжасында аялдын жанынан табылган 850 грамм баңгизаты нашаа экени анык болду.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Токтогул районунда бир килограммга жакын нашаа сатып жаткан 44 жаштагы аял кармалганын ИИМ билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жаранды кармоо учурунда андан 45 ширеңкенин кутусуна салынган баңгизат табылган. Экспертизанын жыйынтыгы менен жалпы салмагы 850 грамм болгон баңгизаты нашаа экени аныкталган.

Бул факт боюнча Токтогул РИИБ тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0