Жаңы конуштагы үйлөрдү карактап келген топ кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКамакка алуу. Архив
Камакка алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектелип, ысык-көлдүк 20 жаштагы үч жараны кармалган. Тергөө учурунда алардын мындан башка он кылмышка тешеси бар экендиги аныкталды.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкектин "Рухий-Мурас", "Алтын-Ордо" жана "Кара-Жыгач" жаңы конуштарындагы үйлөрдү карактап жүргөн топ кармалганын шаардык ИИБ билдирди.

Автоунаа урдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Лейлекте эки жолу "Жигули" үлгүсүндөгү унааларды уурдай качкан жаран кармалды
Маалыматка ылайык, кылмышкерлер 32 миң сомдук буюм-теримин уурдатып жиберген "Рухий-Ордо" жаңы конуш тургунунун арызынын негизинде колго түшүрүлгөн.

Иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектелип, ысык-көлдүк 20 жаштагы үч жараны кармалган. Сурак учурунда алардын башка ушул сыяктуу он кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0