БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 8-9-ноябрь күндөрү болгон жол кырсыктарынан эки адам каза болгонун ИИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жекшемби күнү саат 20.00дө Бишкек — Торугарт унаа жолунун 55-чакырымында "Тойота-Праун" машинасын айдап келе жаткан 35 жаштагы айдоочу жолдон өтүп бара жаткан кишини сүзүп кеткен. Алган жарааттарынан улам 50 жаштагы жаран ошол жерден эсине келбестен каза болгон.
Кечээ, 9-ноябрь күнү болжол менен саат 23.30да Бишкек — Кара-Балта унаа жолунун 31-чакырымында батышты көздөй кетип бара жаткан "Тойота-Эстима" унаасынын ээси 23 жаштагы жаранды коюп кетип, ал окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда автомашиналар айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды. Тергөө иштери жүрүп жатат.