Баштыгында 1 кг нашаа салынган киши кармалды

© Фото / пресс-служба ГСКН Алынган баңгизат.
Алынган баңгизат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баңгизатты мыйзамсыз соодалаганы үчүн аталган жаран 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын борбор калаасында баштыгына баңгизат салынган 61 жаштагы жаран кармалганын Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

ЖК депутатынын унаасынан нашаа табылды
Аталган жаран Батыш автобекетинен колго түшүрүлгөн. Текшерүү учурунда анын баштыгында бир килограммдан ашык нашаа бар экендиги анык болгон. 

Кызматкерлер учурда кармалган жарандын башка кылмыштарга тиешелүүлүгүн текшерип жатышат. 

Бул факт боюнча учурда кылмыш иши козголду. Мыйзамга ылайык, баңгизатты мыйзамсыз соодалаганы үчүн аталган жаран 12 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери улантылууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0