Таласта айыл өкмөт жетекчилери жолго бөлүнгөн акчаны өз ара бөлүп алышкан

Жазылуу
Райондук прокуратура тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анын натыйжасында Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн жетекчилиги документтерди жасалмалап, бир катар мыйзамсыз иштерге барганы маалым болду.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Талас районунун Бердике баатыр айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жол оңдоого жумшалчу жана ижара акысына берилген каражатты ыйгарып алганы үчүн эки кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Акча валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: сот департаментинин Ош башкармалыгы 5 млн. сомду өзүнө ыйгарып алган
Маалыматка ылайык, текшерүү Кумарык айылынын тургундарынын арызы боюнча жүргүзүлгөн. Иликтөө учурунда аталган жетекчилердин Козучак — Арашан — Талас жолун оңдоо жана жер тилкеси үчүн төлөнгөн ижара акысын, жалпы жонунан 42 миң сомду кымырып алганы аныкталган. 

Мындан тышкары, документтерди жасалмалап, 10 гектар жерди инвестициялык ишмердүүлүк үчүн узак мөөнөткө ижарага берилгени ачыкка чыкты. 

Аталган фактылар боюнча эки кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүм жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0