Башкы дарыгер: Оштогу кутурган ит бөбөктү бетинен тиштеген

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүКапастагы ит. Архив
Капастагы ит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшембиде, Ош шаарынын Учар айылында төрт адамды тиштеген иттен кутурма табылды.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Ош шаарында Учар айылында кутурган ит тиштеп ооруканага түшкөн бөбөктүн абалы жакшы, учурда аны апасы карап жатат. Бул туурасында Ош облус аралык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Абдисалим Анарбаев Sputnik маалымат агенттигине билдирди. 

Ош шаарынын Учар айылында жекшембиде кутурган ит беш адамды тиштегендигин ӨКМдин маалымат кызматы билдирген. Алар райондук жана шаардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун тиешелүү эмдөөлөрдү алышкан. 

Анарбаев жабыркагандардын эң кичүүсү үч жашка толо элек бөбөктүн абалы азыр дурус экендигин, ооруканада дагы эки аптага чукул жатаарын маалымдады.

"Жекшемби күнү, эки жаш он айлык кыз баланы кутурган ит капкандан кийин дароо алып келишкен. Баланын бетинде иттин тиштеринин изи калган, ооруканадан жарааттарын тазалап, ал жерди таңдык. Андан соң профилактикалык уколдорду дароо салып баштадык, калган дарыларды схема боюнча алып жатат. Баланы азыр эле көрүп келдим, абалы жакшы. Тамак ичип жатат, жанында апасы карап жатат", — деди башкы дарыгер Анарбаев.

Дарыгер баланы ооруканада 10-15 күн дарылараарын, андан кийин үйүнө чыгарып, үч айга чейин көзөмөлдөп, байкоого алып турушаарын айтты.

"Эгерде үч айга чейин эч кандай белгилер байкалбаса, анда толук айгып кетти деп эсептесек болот", — деди башкы дарыгер. 

Анарбаев бул оорунун айла-чөйрөдөгүлөргө жугуу кооптуулугу жоктугун айтты. 

ӨКМдин маалыматында, Учурда ветеринардык-санитардык эреженин негизинде кутурмага күмөндөлгөн ит өлтүрүлгөн жерде жана анын айланасындагы айыл чарба малдарын кутурма оорусуна каршы эмдөө жана залалсыздандыруу иштери жүргүлүзүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0