Унаасынан 4 кг. героин табылган лейлектик жаран кармалды

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүБаңгизат. Архив
Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машина менен алып кетип бара жаткан баңгизат күбөлөрдүн жардамы менен алынды.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Унаасынан төрт килограммдан ашык героин табылган жаран кармалганын ИИМ билдирди.

Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ пенсионеринин мончосунан бир килограмм героин табылды
Маалыматка ылайык, жарандын Лейлек районунун тургуну экени маалым болгон. Үстүбүздөгү жылдын 30-октябрында Аламүдүн районунан ал айдап бара жаткан Тойота Эстима унаасынан пакеттерге салынып, сыртынан скотч менен оролгон сегиз куту алынган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган заттын героин экени анык болгон. 

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган 36 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда окуянын чоо-жайы такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0