Ижара жерин менчикке берген мэрия жана мамкаттоо кызматкерлерине кылмыш иши козголду

Жазылуу
2013-жылы жаран Ленин райондук сотуна кайрылып, жасалма документтердин негизинде Мамлекеттик каттоо кызматынын жардамы менен жер тилкесин менчикке өткөрүп алып, кийин ал жерди 3,5 миллион сомго сатып жиберген.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Мамлекетке тийиштүү жерди 3,5 миллион сомго соодалап жиберүүгө жол берген мэрияга караштуу муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Мамлекеттик каттоонун жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жер тилкеси үчүн ижара акысын жасалма төмөндөткөн мэрия жетекчиси аныкталды
Маалыматка ылайык, 2006-жылы мэрия тарабынан Р.М. аттуу жаранга 49 жылдык мөөнөт менен 0,14 гектар жер берилген. Талапка ылайык, аталган жер тилкеге эки жыл ичинде соода-тиричилик комплекси курулмак. 2012-жылы эч кандай объект курулбаганы жана белгиленген мөөнөт аягына чыкканы белгилүү болгон. Мында жерди ижарага алган жаран акы төлөнүп жаткандыгы боюнча жасалма чектерди тапшырып, алар башкармалык тарабынан текшерилген эмес.

Бир жылдан кийин, 2013-жылы аталган жаран Ленин райондук сотуна кайрылып, жасалма документтердин негизинде Мамлекеттик каттоо кызматынын жардамы менен жер тилкесин менчикке өткөрүп алган. Андан кийин ал жерди 3,5 миллион сомго сатып жиберген.

Аталган факт боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0