Көзөмөл пунктунан тыш чек арадан өтүүгө аракет кылган өзбекстандык жаран кармалды

Жазылуу
Өзбекстандын жараны Ош облусундагы "Төө-Моюн" чек ара заставасынан колго түшкөн.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган коңшу мамлекеттин жараны кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Өзбекстандын жараны Ош облусундагы "Төө-Моюн" чек ара заставасынан колго түшкөн. Ал өткөрүү пунктунан тыш Кыргызстандын аймагына өтүүгө аракет кылган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин чек араны бузган жаран укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0