Сокулукта 30 ирет бычак сайып өлтүрүлгөн жаран табылды

Жазылуу
Өлгөн адам Ысык-Көл облусунун 46 жаштагы тургуну экени аныкталды. Денесине 30 ирет бычак жеген. Ошол эле жерден бычак табылып, далил катары ишке тиркелди.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Сокулук районунун Күн-Туу айылында бычак жеп өлгөн адамдын сөөгү Чүй ОИИБ билдирди.

Милицияга маалымат шаршемби күнү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери айылдагы дачалардын биринен 40-45 жаштагы азиялык улуттагы эркек адамдын сөөгүн табышкан. 

"Өлгөн адам Ысык-Көл облусунун 46 жаштагы тургуну экени аныкталды. Денесине 30 ирет бычак жеген. Ошол эле жерден бычак табылып, далил катары ишке тиркелди", — деп билдирди мекеменин маалымат кызматы.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, ага шектүү катары Чүй облусунун 31 жаштагы тургуну кармалды. Учурда тергөө башталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0