Депрессиядан жабыркап үйдөн чыгып кеткен аялды милиция 10 күндөн кийин тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековГородская клиническая больница № 4
Городская клиническая больница № 4 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөө учурунда аялдын оор депрессия менен жабыркаганы белгилүү болгон. Аны милиция кызматкерлери Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча издешкен.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Он күндөн бери дайынсыз жүргөн 48 жаштагы аял Ысык-Ата районунан табылганын ИИМ билдирет.

Улуттук гвардиянын формасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ооруканадан чыгып дайынсыз кеткен жоокер бир жылдан бери изделүүдө
Маалыматка ылайык, милицияга энесинин эки күн мурун үйдөн чыгып, ошол боюнча дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу арыз менен Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Иликтөө учурунда аялдын оор депрессия менен жабыркары, өзгөчө чыр-чатактан кийин өзүн жоготуп коёру белгилүү болгон. Ал милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча изделген. 

Он күндөн кийин аял Ысык-Ата районунун санаторийинен анча алыс эмес жерде жайгашкан жайкы вагондон табылган. Милиция кызматкерлери аны Свердлов РИИБ жеткиришкен. 

Учурда аял ооруканага жаткырылып, дарыланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0