Бишкек – Нарын – Торугарт кан жолунда жардыруучу зат зыянсыздандырылды

© Sputnik / Игорь Маслов / Медиабанкка өтүүЖардыруучу затты зыянсыздаштыруу. Архив
Жардыруучу затты зыянсыздаштыруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол куруп жаткан Кытайдын "Копри-Синогидро" компаниясынын кызматкерлери белгисиз көлөмдөгү жарылуучу затты таап алышкан.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек – Нарын – Торугарт кан жолунда жарылуучу зат табылып, ал зыянсыздандырылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

"Балдар дүйнөсүндөгү" "бомбаны" зыянсыздандыруу учурунан көрүнүш
Маалыматка ылайык, аталган унаа жолдун 307-чакырымында жол куруп жаткан Кытайдын "Копри-Синогидро" компаниясынын кызматкерлери белгисиз көлөмдөгү жарылуучу затты (аммонит) таап алгандары тууралуу маалымат келип түшкөн. 

13-октябрдан тартып коопсуздук эрежелерин сактоо максатында жарылуучу зат табылган аймакка атайын белгилер коюлуп, жол куруу кызматкерлерине тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан күзөт уюштурулган. 

20-октябрда аталган жарылуучу затты зыянсыздандыруу үчүн КРдин Коргоо министрлигинин Кой-Таш айылында жайгашкан аскер бөлүгүнөн саперлор барып, саат 16:35те жарылуучу затты зыянсыздандырышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0