Жарандарды ур-тепкиге алып кыйнаган милиция кызматкерлери жоопко тартылууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКол кишен жана милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Кол кишен жана милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмыштын бетин ача албай башка айып менен кармалган эки тургунду кыйнап күнөөнү мойнуна алдырууга мажбур кылган милиционерлерге карата эки кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Ысык-Ата РИИБ жана Токмок ШИИБ кызматкерлерине карата Кылмыш жаза кодексинин "Кыйноо" беренеси боюнча эки кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Милиция кызматкеринин баш кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кишинин бөйрөгү жарылганча сабаган милиционерлердин кылыгы такталып жатат
Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигинин аталган бөлүк кызматкерлери Токмок шаарындагы жана Ысык-Атада жайгашкан Кең-Булуң айылында болгон талап-тоноочулуктун бетин ача албай, аны башка кылмышка шектелип кармалган жарандарга "илип" коюуга аракет кылышкан. 

Жарандар бир нече жолу кайталаган ур-тепкиге, кыйноого чыдабай каракчылык кылмышын моюндоого аргасыз болуп, көрсөтмө беришкен.

Учурда жарандарды кыйноого алган кызматкерлерге карата козголгон эки кылмыш ишинин негизинде тергөө амалдары улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0