№38 мектепке кол салган деп шектелип спорт мектебинин 47 окуучусу кармалды

© Sputnik / Эркин Алымбеков38-мектептеги милиция кызматкерлери.
38-мектептеги милиция кызматкерлери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мугалимдер спорт мектебинин жаалданган тарбиялануучуларын эптеп тосуп, аларды мектептен чыгарганга аракет кылышканын вице-мэр Айгүл Рыскулова билдирди.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы №38 мектепке кирип барып, окуучуларды сабаган деп шектелген олимпиадалык резерв мектебинин 47 окуучусу кармалды. Бул тууралуу ШИИБдин жетекчисинин орун басары Аскат Султаналиев билдирди.

Средняя школа №44 - Sputnik Кыргызстан
Наматова: Спорт мектепбинин балдары №38 мектептин ичине кирип, окуучуларды сабап кетти
Буга чейин №38 мектептин директорунун орун басары Маливакан Наматова колуна союл көтөргөн жүзгө чукул спорт кийимчен балдар мектепке кирип келип, окуучуларды канжалатып сабап кеткенин билдирген. Анын айтымында, беш окуучунун көзү-башы жарылып жаракат алышкан. Аларга мектептин дарыгери жардам берип, жаратарын таңган. Ал эми Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы спорт мектептин тарбиялануучулары окуучуларды сабаган фактыны тастыкташкан.

Вице-мэр Айгүл Рыскулова билдиргендей, жабыркаган беш окуучуну текшерүүгө алып кетишти. Милиция видео көзөмөлдөгү жазууларды текшерип жатат. Анын айтымында, жаалданып кирген балдарды мугалимдер тосуп, токтотууга аракет кылган.

Кармалгандар азыр жасагандарын мойнуна албай жатканын ШИИБдин жетекчисинин орун басары билдирди.

Эки мектептин окуучулары буга чейин да мушташып, бычакташа кетишкенден алты бала жаракат алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0