Чек арадан аңчылык ок-дарыларын алып өтүүгө аракет кылган казакстандык жаран кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз-казак мамелкеттик чек ара аймагы. Архив
Кыргыз-казак мамелкеттик чек ара аймагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз-казак мамелкеттик чек ара аймагындагы "Чалдыбар-автодорожный" көзөмөл пунктунан кармалган жаран ок-дарысы менен тийиштүү орган кызматкерлерине өткөрүлдү.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Казакстандан Кыргызстанга аңчылык ок-дарыларын алып өтүүгө аракет кылган жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Казакстандын жараны 19-октябрь күнү "Чалдыбар-автодорожный" өткөрүү пунктунан кармалган. Текшерүү учурунда анын жаыннан 12 милиметрлүү эки ок бар экендиги аныкталган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана аңчылык ок-дарылар ички иштер кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0