Милиция түрмөдөн качкандарды таба элек

© Sputnik / Табылды КадырбековИИМ кызматкерлери качкынды издөө маалында. Архив
ИИМ кызматкерлери качкынды издөө маалында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү аймакты милиция түнү менен күзөтүп чыкты.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Милиция кызматкерлери түрмөдөн качкандарды түнү бою издедии. Азырынча алар кармала электигин Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМ кызматкерлери патрулдоо мезгилинде. - Sputnik Кыргызстан
"Дордойлуктар" менен "Энесайлыктар" мынча автоматчаны көргөн эмес
Белгилей кетсек, №50 түрмөдөн 11-октябрдын түнүндө тогуз киши качып чыгып, түрмөнүн үч кызматкерин өлтүрүп, бирөөнү оор жарадар кылган. Жарадар болгон кызматкер 15-октябрда ооруканада каза болду. Качкандардын бешөө атайын операция учурунда кармалган. 16-октябрда алардын бирөө Данияр Кадыралиев "Дордой-1" жаңы конушунан жок кылынган. Учурда үчөө изделүүдө.

Милиция шектүү аймакты түнү менен күзөтүп чыкты. Бирок, азырынча түрмөдөн качкандар кармала элек. Бүгүн да издөө иштери улантыла турганын ИИМден кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0