ЖАМК кызматкерлерине шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду

Жазылуу
Мамлекеттик кызмат буга чейин кылмышкерлер качкан маалда имаратта электр жарыгы өчүк болгонун белгилеген.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кылмышкерлердин качуусунан улам Жаза аткаруу мамлекеттик кызматтын кызматкерлерине карата шалаакылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун Башкы прокуратура билдирди.

Колония кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байкоочу кеңеш: түрмөлөрдө коопсуздук начар болгондуктан, кылмышкерлер качып атат
Дүйшөмбүгө караган түнү түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМК кызматкерлеринин үчөө өлтүрүлүп, бирөө катуу жаракат алган. Жол кайгуул кызматы кылмышкерлердин бешөөнү кармап, калгандары издөөгө алынды.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, качкындардын жетөө өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылса, дагы экөөнүн үстүнөн тергөө аяктай элек болчу.

Аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодекстин 316-беренесинин (Шалаакылык) негизинде кылмыш козголду.

Мамлекеттик кызмат буга чейин кылмышкерлер качкан маалда имаратта электр жарыгы өчүк болгонун белгилеген.

Нижний Нооруз айылындагы түрмөдөн кылмышкерлердин качуусу жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0