Жайылда катуу музыка угуп темир жолдо отурган баланы тепловоз сүзүп кетти

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүТемир жол. Архив
Темир жол. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге келген тез жардам кызматкерлери башынан жаракат алган баланы аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө алып кетишкен.

БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Жайыл районунда 19 жаштагы баланы тепловоз сүзүп кеткенин ИИМ билдирди.

Бишкектеги темир жолдо тепловоз тракторду тебелеп кетти
Машинисттин айтымында, темир жолдо турган адамды көрүп, ал катуу белги бере баштаган. Бирок тиги бала ордунан козголгон эмес. Машинист тепловозду шашылыш токтотууга аргасыз болгон, бирок убакыттын тардыгынан унаа баланы сүзүп кеткен. 

Окуя болгон жерге келген тез жардам кызматкерлери башынан жаракат алган баланы аймактык оорукананын реанимация бөлүмүнө алып кетишкен. 

Алынган маалыматтар боюнча, бала пледге оронуп алып, темир жолдо отурган. Кулагына сайып алып уккан катуу музыкадан улам ал машинисттин белгисин уккан эмес. Айрымдар анын сүйлөшкөн кызын күтүп жаткан деп айтууда.

Учурда окуянын чоо-жай иликтенип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0