Сузакта бухгалтер көмүскө бүтүм менен кызматкерлерге ашыкча айлык төлөп келген

Жазылуу
Эсеп палатасы жүргүзгөн аудитордук текшерүүнүн натыйжасында башкармалыктын башкы бухгалтери айрым инспекторлор менен көмүскө бүтүм түзүп, алардын төлөм карточкаларына мыйзамсыз акча которуп турган.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусундагы Сузак району боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган факты аныкталганын УКМК билдирди.

Акча саноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Зеленстрой" ишканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, Эсеп палатасы жүргүзгөн аудитордук текшерүүнүн натыйжасында башкармалыктын башкы бухгалтери айрым инспекторлор менен көмүскө бүтүм түзүп, алардын төлөм карточкаларына мыйзамсыз акча каражаттарын которуп турганы аныкталган. 

Мындан мамлекетке 556,6 миң сом суммадагы зыян келтирилип, бюджетке киреше салыгы жана камсыздандыруу төгүмү катары 354,9 миң сом которулган эмес.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-беренсинин ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 315-беренисинин ("Кызматтык жасалмачылык") жана 171-беренсинин ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу") негизинде кылмыш иши козголду.

Азыркы маалда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0