Таласта аялды коюп кеткен "Мицубиси-Делика" унаасынын айдоочусу кармалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аялды коюп, окуя болгон жерден качып кетүүгө аракет кылган айдоочуну көп узабай эле Талас РИИБ кызматкерлери аны колго түшүрүшкөн.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Тараз — Талас — Суусамыр унаа жолунда "Мицубиси-Делика" үлгүсүндөгү машина коюп rtnrty азиялык улуттагы 40-50 жашар аял ошол жерден каза болгонун Жол кайгуул кызматы билдирди.

Талас РИИБ кызматкерлери ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү унааны кармашкан. 

"Машина "Вертекс голд" компаниясына тиешелүү экени аныкталды. Айдоочусу — 40 жаштагы Бишкектин тургуну чыгыш багытты көздөй келе жатып, аялды коюп, ага жардам көрсөтпөстөн, окуя болгон жерден качып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, учурда кырсыктан каза болгон жарандын аты-жөнү такталууда. Бардык материалдар тергөө бөлүмүнө берилди.

Машина унаа токтотуучу жайга киргизилип, ал эми айдоочу милиция бөлүмүнө алып келинди.

Жаңылыктар түрмөгү
0