"Ала-Тоо" совхозундагы атышуунун үнүнөн кийин мектеп окуучулары үйгө ата-энелери менен кайтышты

© flickr.com / Geoffrey FairchildКалашник автоматы. Архив
Калашник автоматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мектептин директору атышуудан мектеп окуучулары эч кандай жабыр тартпаганын, окуу кадимкидей өз тартибинде уланарын белгиледи.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. "Ала-Тоо" совхозунда болгон атышуудан мектеп жана андагы окуучулар жабыр тартпаганын Каратал Табалдинов атындагы орто мектептин директору Атыркүл Абдрахманова билдирди.

Бүгүн болжол менен саат 10.30да "Ала-Тоо" совхозунда атышуунун үнү угулуп жатканын жергиликтүү тургундар кабарлашкан. 

Абдрахманованын айтымында, атышуу тууралуу мектеп болжол менен саат 11ге чукул уккан. 

"Сабак бүтөр маал болчу. Атышуу жөнүндө уккандан кийин балдары эч жакка чыгарбай, ата-энелерине, ата-энелер комитетине чалып чакырып, ар бир окуучуну жакындары менен гана кетирдик", — деди мектеп директору.

Абдрахманова атышуудан мектеп окуучулары эч кандай жабыр тартпаганын, окуу кадимкидей өз тартибинде уланарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0