УКМК: Жалал-Абадда чопону мыйзамсыз иштетип жүргөндөргө кылмыш иши козголду

© пресс-служба мэрии города ОшКурулуш иштери. Архив
Курулуш иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эч кандай трансформация иштери жасалбай туруп 2 гектардан ашык жайыт жери "Империя групп" ЖЧКсына кыш заводун куруу үчүн бөлүнгөн.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча бөлүмү Токтогул районундагы Үч-Терек аймагында чопо чыгуучу жер мыйзамсыз иштетүүгө берилгенин аныктады.

Тергөө учурунда белгилүү болгондой, эч кандай трансформация иштери жасалбай туруп эки гектардан ашык жайыт жери "Империя групп" ЖЧКсына кыш заводун куруу үчүн бөлүнгөн.

Акча саноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Зеленстрой" ишканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын корутундусуна ылайык, "Империя групп" ЖЧКсы "Кендер жөнүндөгү" мыйзамды бузуу менен, чопону тийиштүү документтери жок, мыйзамсыз иштетип келген.

Андан сырткары, айыл-чарба жерине келтирилген 476,6 миң сом төлөнгөн эмес.

29-сентябрда УКМКнын тергөө башкармалыгы аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү", "жер мыйзамдарын бузуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Жаңылыктар түрмөгү
0