Өзгөндө жалпы дарыгерлик практика борбору боюнча эки кылмыш иши козголду

© flickr.com / Ryo FUKAsawaВрач формасы жана стетоскоп. Архив
Врач формасы жана стетоскоп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мекеменин директору бир жыл бою мыйзамсыз сый акы алып, бейтаптардан түшкөн акчаны киреше каттоосуна киргизген эмес. Мындан тышкары, борборду оңдоо иштери бир топ мыйзам бузуулар менен жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Ош облусунун Өзгөн районундагы Куршаб айылында жайгашкан жалпы дарыгерлик практика борборунун (ЖДПБ) жетекчилиги бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалангандыгы аныкталганын УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, 2014-жылдан тарта ЖДПБнын директору мыйзам бузуу менен 186 миң сом өлчөмүндө сый акы алып, ошону менен бирге бейтаптардын 49,5 миң сомдук төлөмүн каттаган эмес.

Сариев: ооруканаларды салуу үчүн 1 млрд. сом бөлүнөт
Мындан тышкары, борборду оңдоо иштерин жүргүзгөн "Капитал-Сервис" ишканасы жумуш көлөмүн жасалма көбөйтүп, ЖДПБнын бухгалтериясына 579 миң сомдук иштин аткарылгандыгы тууралуу жасалма документтерди тапшырган.

Аталган фактылардын негизинде мамлекетке жалпысынан 814,4 миң сомдун зыян келтирилген. 

Бул боюнча Өзгөн райондук прокуратура тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, документтерди жасалмалоо, ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу беренелеринин негизинде эки кылмыш иши козголду. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0