Жалал-Абадда 3 млн. сомдук дизель майын мыйзамсыз ташыган унаалар кармалды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май ташуучу автоунаа. Архив
Күйүүчү май ташуучу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы жонунан 80 миң литрден ашуун дизель майын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган бир унаа ээсинин документи жок болуп чыкса, экинчи айдоочу качып кеткен.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Жалал-Абад облусунда жалпы жонунан 80 миң литрден ашуун дизель майын мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган эки унаа кармалганын Финансы полициясы билдирди.

Камаз айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыйзамсыз күйүүчү май ташыган фура менен "Камаз" кармалды
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда 41 миң 236 литр май ташып бара жаткан "Мерседес Бенц Актрос" унаасынын ээси эсеп-фактурасы жок салык органынын жасалма мөөрү басылып, жасалма пломба коюлган коштомо кагаздарын көрсөткөн. 

Ал эми 39 миң 880 литр май жүктөлгөн "Вольво" унаасынын ээси машинаны токтоткондон кийин качып кеткен.

Мыйзамсыз сатууга бөгөт коюлган майдын жалпы суммасы үч миллион сомду түзгөн.

Учурда аталган фактылар боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0