Мыйзамсыз күйүүчү май ташыган фура менен "Камаз" кармалды

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүКамаз айдоочусу. Архив
Камаз айдоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы көлөмү 45 тонна май ташып бара жкатан унаа ээлеринин уруксат берүүчү тийиштүү документтери болгон эмес.

БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында күйүүчү майды мыйзамсыз ташыган эки унаа кармалганын Финансы полициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, кармалган "Скания" үлгүсүндөгү фура тийиштүү документтерсиз 21 тонна күйүүчү май ташып бара жаткан жеринен токтотулган. Ал эми "Камаздагы" Аи-80 түрүндөгү 24 тонна майга салык кызматынын пломбасы коюлбаганы аныкталган.

Учурда иштин чоо-жайы аныкталып, тийиштиги бар жарандар такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0