Чек араны бузуу менен мергенчилик кылган жаран кармалды

© REUTERS / Mukesh Gupta/FilesЧек арачы. Архив
Чек арачы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармоо учурунда Ат-Башы районунун жашоочусунун унаасына тоо текенин эти жана 16 миллиметр калибрлүү ИЖ-18 аң улоочу мылтык табылган.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Нарын облусунун Шор-Булак ашуусунун аймагында мыйзамсыз аң улап, чек араны бузган адам кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда Ат-Башы районунун Калинин айылынын жашоочусу айдап жүргөн унаадан тоо текенин 20 килограмм эти жана каттоодон өткөн 16 миллиметр калибрлүү ИЖ-18 аң улоочу мылтык табылган.

Документтер толтурулган соң кармалган адам жана унаадагы эт тийиштүү орган кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0