Жасалма диплому аныкталып калган мугалим милицияга пара берип жатканда кармалды

Жазылуу
Тарых мугалими, жасалма дипломдун ээси тартип коргоо органдарына 20 000 сом пара сунуштаган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Ноокен районундагы Арал айылында жайгашкан №68 кесиптик лицейдин мугалими беш жылдан бери жалган диплом менен мастер болуп иштеп жүргөндүгү аныкталган. Ал мунусун жашыруу үчүн милиция кызматкерлерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Мыктыбек Турдубеков билдирди.

"Бул иш боюнча милиция кызматкерлеринен турган оперативдүү топ түзүлүп, жасалма дипломдун ээси 20 000 сом пара сунуштап жаткан жеринен 18-сентябрь күнү күбөлөрдүн катышуусу менен кармалган", — деп билдирди маалымат кызматы. 

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин "Пара берүү" деген 314-беренеси жана "Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу" деген 350-беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Маалымат кызматы айыпталуучу соттун чечими менен үй камагына чыгарылып, тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткандыгын кошумча билдиришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0