Бишкекте лицей окуучуларынын бычакташуусунан бир студент каза болду

Жазылуу
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөлөрдүн натыйжасында ошол эле лицейде билим алган 15 жаштагы тарбиялануучу кармалды.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы кесиптик лицейлердин биринде 18 жаштагы студент бычак жеп ооруканадан каза болгонун Бишкек ШИИБ билдирди.

Бычак кармаган адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте мектеп окуучулары бычакташа кетишти
Маалыматка ылайык, аталган окуу жайда футбол боюнча мелдеш өткөн. Оюн чурунда 2-3-курстун балдары уруша кетишип, мелдештен кийин сүйлөшмөк болушкан. Анын натыйжасында, лицейдин 15 жаштагы окуучусу өзүнөн үч жаш улуу студентти моюнга бычак менен сайып жиберген. Жабырлануучу тез жардам менен №4 шаардык ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөөлөрдүн натыйжасында ошол эле лицейде билим алган 15 жаштагы тарбиялануучу кармалды.

Учурда окуучулардын ата-энелери арасында түшүндүрүү иштери жүрүп, окуу жайдын жетекчилиги менен ар кыл иш-чаралар уюштурулду. Мындан тышкары, кылмышка себепкер жарандарды жоопко тартуу маселеси талкууланып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0