Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" уюмунун лидерлери менен активдүү мүчөлөрү кармалды

© AFP / ABBAS MOMANI"Хизб-ут-Тахрир" уюмунун желеги. Архив
Хизб-ут-Тахрир уюмунун желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда теологиялык эскпертиза дайындалып, Кылмыш жаза кодексине ылайык чаралар көрүлүүдө.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Бишкекте "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик тобунун эки лидери жана үч активдүү мүчөсү кармалганын ИИМ билдирди.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Хизб ут-Тахрирдин" мүчөсү Бишкектин жанында кармалды
Маалыматка ылайык, хизбутчулар үстүбүздөгү жылдын 17-сентябрында "Антитеррор" деп аталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кармалган. 

Текшерүү учурунда аталган жарандардын үйүнөн китеп, брошюра, диск, баракча, компьютердик техника түрүндөгү 53 материал табылып, тийиштүү укук коргоо органдарына өткөрүлдү.

Учурда теологиялык эскпертиза дайындалып, Кылмыш жаза кодексине ылайык чаралар көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0