Сууга агып, эки айдан бери изделип келген жарандын сөөгү табылды

© Фото / Пресс-служба ГУ МЧС России по Хабаровскому краю / Медиабанкка өтүүСууда издөө ишетри. Архив
Сууда издөө ишетри. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асанкожоевдин ташка кептелип калган денесин алгач балыкчылар көрүп, куткаруучуларга кабар беришкен. Алар сөөктү алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 22-июлунда Ысык-Көлдүн Григорьевка айылындагы Чок-Ак-Сууга агып кеткен 53 жаштагы Казакбай Асанкожоевдин сөөгү табылганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, эки айдан бери куткаруучулар тарабынан тынымсыз издөө иштери жүргүзүлүп келген.

Асанкожоевдин ташка кептелип калган денесин алгач балыкчылар көрүп, куткаруучуларга кабар беришкен. Алар сөөктү алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0