Анапияевдин өлүмүнө күбө болушу мүмкүн делген адамды Белоруссия ИИМи издейт

© flickr.com / mikestuartwoodБеларусь мамлекетинин желеги. Архив
Беларусь мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белоруссиянын Ички иштер министрлиги кыргызстандык криминалдык авторитет Анапияевдин өлүмүнө күбө болгон жаран жөнүндө маалымат бергендерге сый акы ыйгарылып, аты-жөнү жашыруун каларын убада кылууда.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Белоруссиянын ички иштер министрлиги кыргызстандык криминалдык авторитети Алмамбет Анапияевдин өлүмүнө күбө болгон адамдын аты-жөнүн тактоого жардам берүү өтүнүчү менен жарандарга кайрылды. 

2015-жылдын феварль айында Минск шаарында унаанын багаж бөлүмүнөн криминалдык авторитет Алмамбет Анапияевдин сөөгү табылган. Ал АКШнын атайы кызматтарынын версиясы боюнча мурунку СССРден чыккан криминалдык топтун мүчөсү болгон. Аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.

© пресс-служба МВД БеларусиВозможный свидетель убийства Анапияева
Возможный свидетель убийства Анапияева - Sputnik Кыргызстан
Возможный свидетель убийства Анапияева

ИИМ киши өлтүрүүгө күбө болушу мүмкүн делген адамдын сүрөтүн жайылткан. Милиция ал адам кылмыштын чоо-жайын билиши мүмкүн деп эсептейт. Болжолдуу күбө боюнча маалымат билгендер 8-017-218-79-35; 8-029-232-63-05; 8-029-623-66-70 телефону аркылуу кабарласа болот.

Анапияевдин өлүмүнө күбө адам ИИМнын коргоосунда деп билдирди адвокат
Мекеме кылмышка күбө болгон жаран жөнүндө маалымат бергендерге сый акы ыйгарылып, аты-жөнү жашыруун каларын убада кылууда. 

Анапияевдин сөөгү табылгандан кийин КР ИИМдеги булак кылмышка шектелип эки жаран кармалганын билдирген. Бирөөсү "Манас" эл аралык аэропортунан кармалса, экинчиси Минск шаарынан колго түшкөн. Белоруссиянын тергөө комитети Sputnik агенттигине аталган кылмыш иши боюнча кимдир бирөөнүн кармалганы тууралуу расмий маалымат түшпөгөнүн билдирген.

Кыргызстандын ИИМнин маалыматы боюнча, кримавторитеттин өлүмүнө күбө болгон Гүлжигит Абилазизов учурда мекеменин коргоосуна алынган. Анын адвокаты тергөөгө Абилазизов тактык киргизиши мүмкүн деп эсептейт.

Муну менен бирге бир катар кыргызстандык маалымат каражаттары кылмышка мурунку президент Бакиевдин бир тууганынын тиешеси бар экендиги тууралуу жазып чыгышкан. Буга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев Белоруссия бийлигине өлкөнүн экс-жетекчисинин бир тууганын Кыргызстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0