Бишкек — Кемин автожолунда унаа кырсыгынан айдоочу каза болду

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Машинанын айдоочусу алган жараттарынан улам, ооруканадан көз жумду.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Бишкек — Кемин авто жолунун Токмок шаарынын аймагында "ВАЗ – 2107" унаасы жолдон чыгып, оодарылып кеткенин Чүй облустук ИИБден билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя 16-сентябрь күнү трассанын 56-чакырымында болгон. Анын кесепетинен, унаанын 31 жаштагы айдоочусу ооруканада көз жумду.

Аталган факт боюнча экспертиза дайындалды. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0