Москвада чуулгандуу "патриот" тобунун мүчөсү деп шектелген бала кармалды

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКол кишен. Архив
Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зордукчул бала кызды, эгерде кийин жыныстык катнаштан баш тартып, же бирөөгө айтып арыздана турган болсо, тартып алган видеосун интернетке жайып жиберем деп коркуткан.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Москва шаарындагы уруп-согуу иштери менен белгилүү болуп келген чуулгандуу "патриот" тобунун мүчөсү деп шектелген бала кармалды. Аны кыргыз ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү Россиянын Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Москвадагы бөлүмү менен бирге колго түшүрдү деп билдирди КРдин аталган өлкөдөгү элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева.

"Патриоттордун" ур-токмогуна калган кыз Россияда жана Кыргызстанда изделүүдө
Бир нече жылдан бери "патриот" деген аты менен белгисиз адамдар кыргыз кыздарга ыдык көрсөтүп, ур-токмокко алып, аны видеого тартып, социалдык тармактарга таратып келген. 

Маалымат катчысы 2015-жылдын 14-сентябрында Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнө 19 жаштагы кыргыз кыз Майрамбек аттуу чала тааныш балага чара көрүү арызы кайрылган. 

Кыздын айтымында, 12-сентябрдан 13үнө оогон түнү ал Москвадагы түнкү клубдардын биринде күч колдонуу менен зордукталган. Жабырланган кыз аны менен июль айында Москвага келгенде таанышып, телефон номурларын алмашкан. Андан кийин кызга аталган клубда пол жуугуч болуп иштөөнү сунуштап, ошол жердеги бөлмөлөрдүн бирине алып кирип, зордуктаган. 

"Ал өзүн кыргыз кыздардын башка улуттагы балдар менен мамиледе болуусуна каршы турган "патриот" тобунун мүчөсү деп атап, кылыгын телефонго тартып алган. Кыз, эгерде кийин жыныстык катнаштан баш тартып, же бирөөгө айтып арыздана турган болсо, колундагы видеосун интернетке жайып жиберем деп коркуткан", — деп айтылат маалыматта. 

Айдоочулук күбөлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
"ИИМдеги Бауржан" тууралуу видеонун каарманы айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылышы мүмкүн
Жазылган арыз боюнча Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү РФ ИИМнин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Москвадагы бөлүмү менен биргеликте буга шектүү деп Ош облусунда туулган жыйырма сегиз жаштагы кишини кармады. Маалыматта ал аталган түнкү клубда жүк түшүргүч болуп иштери айтылат.

Түшкөн арыз боюнча Россиянын тергөө комитетинин Москва шаарындагы Дорогомилов районунун тергөө бөлүмү РФтин Кылмыш жаза кодексинин 131-беренеси ("Жардамсыз абалда калган адамды коркутуп же күч колдонуп зордуктоо") менен кылмыш ишин козгоду. Учурда кылмышка шектелген бала камакка алынды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0