Кеминде Mercedes унаасы турган жеринен күйүп кетти

Жазылуу
Кырсыкка электр жабдууларын туташтырууда техникалык эреженин бузулушу себеп болгон.

БИШКЕК, 16-сен. — Sputnik. Кемин районунун Орловка шаарында Mercedes Benz-230 үлгүсүндөгү унаа турган жеринен толук күйүп кеткенин ӨКМ билдирет. 

Маалыматка ылайык, кырсыкка электр жабдууларын туташтырууда техникалык эреженин бузулушу себеп болгон.

Учурда унаанын ээси такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0