Үч студент 2 кг анаша сатып жаткан жеринен кармалды

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүБаңгизат. Архив
Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармоо учурунда жаштар качып кетүүгө жана милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Бишкектеги абройлуу делген жогорку окуу жайлардын үч студенти эки килограмм анаша сатып жаткан жеринен кармалганын баңгизатка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат билдирди.

Сигарет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадан тамекиге ороп баңгизат алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды
Маалыматка ылайык, баңгизат сатуучуларды кармоо операциясы ишембиден жекшембиге караган түнү Үч-Терек айылында болгон. Үч студент тең сатып жаткан жеринен кармалышкан.

Кармоо учурунда жаштар качып кетүүгө жана милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүүгө аракет кылышкан.

Кармалгандардын курагы 21 жаштан ашпайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0