Чүй облусунда жол кырсыгынан 50 жаштагы аял каза болду

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Кийинчерээк жол кырсыгына шектелип 35 жаштагы жаран кармалган.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Жайыл районунда унаа коюп кеткен 50 жаштагы аял ошол жерден каза болгонун Чүй ШИИБ билдирди.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүк ташуучу унаа менен кагышкан "Хонда-Одиссей" унаасынын айдоочусу каза болду
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 13-сентябрында болжол менен кечки саат сегизде Бишкек – Чалдыбар автожолунун 55-чакырымында айдоочу Полтавка айылынын тургунун урдуруп, окуя болгон жерден качып кеткен. 

Алган жаракаттарынан  аял каза болгон. Кийинчерээк жол кырсыгына шектелип 35 жаштагы жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертиза дайындалды. 

Учурда кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0