Кармоо учурунда качып кеткен РИИБ тергөөчүсү колго түштү

Жазылуу
Пара алып жаткан тергөөчү кармоо учурунда качып кеткен. УКМК жана ИИМ кызматкерлери аны эки күндөн кийин гана табышкан.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Жайыл районунун ИИБ тергөөчүсү кармоо учурунда из жашырып кеткенин УКМК билдирди.

Руководитель аппарата президента Кыргызстана Данияр Нарымбаев. - Sputnik Кыргызстан
Нарымбаев менен Коркмазовдун кылмыш иши сотко жиберилди
Кызматкерлер тергөөчүлүк милдетти аткарган милициянын кенже лейтенанты пара талап кылган фактыны аныкташкан. Маалыматка ылайык, аталган милиция кызматкери жол кырсыгына күнөөлүү адамдардан кылмыш ишин козгобоо үчүн 50 миң сом пара талап кылган. 

Бул факт боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, 5-сентябрда милиционерди пара алып жаткан жеринен кармоо үчүн келгенде ал из жашырып кеткен. 

Иликтөө иштеринин натыйжасында тергөөчү 7-сентябрь күнү табылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0