Ош шаарында жер көчтү

Жазылуу
Окуя болгон жерге барган куткаруучулар ири көлөмдөгү жер майдаланып көчүп, сел жүрүүчү жылганын ичине түшкөнүн жана турак жайларга кооптуу абал түзүлгөнүн көрүшкөн.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Ош шаарына караштуу Алмалык айылында 13-сентябрь күнү болжол менен кечки саат тогузда тоонун ылдый тарабы сүрүлүп, сел кетүүчү каналга жер көчкөнүн ӨКМ билдирди.

Жер көчкүдөн жабыркагандарга үч айдын ичинде жаңы там куруп беришти
Маалыматка ылайык, анын кесепетинен Алмалык айылындагы 16 үй-бүлөнүн турак жайлары кооптуу абалда калган. 

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар ири көлөмдөгү жер майдаланып көчүп, сел жүрүүчү жылганын ичине түшкөнүн жана турак-жайларга кооптуу абал түзүлгөнүн көрүшкөн. Кырсыктын алдын алуу максатында 16 үйдүн жашоочулары мал-жандыктары менен коопсуз жайга көчүрүлдү. 

Түн болгондуктан, куткаруучулар иш-чараларды убактылуу токтотушкан. Министрлик аталган кырдаал боюнча кошумча маалымат берилерин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0