Нарында кой жайып кетип кайтпай калган карыя изделип жатат

© Sputnik / Нургуль МаксутоваЖайлоодогу чабан. Архив
Жайлоодогу чабан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ак-Кудук айыл аймагына караштуу жайлоодогу мал кайтарган аксакал мындан үч күн мурда, кечинде үйүнө келбей калган.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Нарын районундагы Тегерек жайлоосунда кой жайып кетип кайтпай калган 78 жаштагы аксакал изделип жатат. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

"1937-жылы туулган Саалы Өмүров 8-сентябрда кой кайтарганы кетип, кайра кайткан эмес. 10-сентябрда издөө иштерин ӨКМдин төрт куткаруучусу жүргүзүп, бирок табылган жок", — деп билдирди маалымат кызматынан.

Издөө иштерин ӨКМДин №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жүргүзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0