Сокулукта жүгөрү талаасынан жарым гектарга айдалган бир тонналык кара куурай табылды

© Sputnik / Сергей Титов / Медиабанкка өтүүКара куурай. Архив
Кара куурай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган жер тилкеси 60 жаштагы жергиликтүү тургунга таандык экени анык болду.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Сокулук районунун Асылбаш айлындагы жүгөрү талаасынын ичинде жарым гектар жерге айдалган кара куурай табылганын Чүй облусунун ШИИБ билдирди.

Кара курай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кетмен-Төбөдө кара куурай чогултуп жүргөн жергиликтүү тургун кармалды
Маалыматка ылайык, текшерүү Сокулук РИИБ менен Чүй облусунун ШИИБ тарабынан жүргүзүлгөн. Табылган 1500 түп өсүмдүк экспертизага жөнөтүлүп, анын кара куурай экени аныкталган. Табылган баңгизаттын жалпы салмагы бир тоннадан ашат.

Аталган жер тилкеси 60 жаштагы жергиликтүү тургунга таандык экени анык болду. 

Бул факт боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси чечилүүдө. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0