Мамлекеттик салык кызматы төраганын жардамчысы кармалганын четке какты

Жазылуу
Буга чейин укук коргоо кызматкеринин жасалма документтерин жана курал-жарак алып жүргөн жаран кармалганы тууралуу маалымдалган. Ал өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын жардамчысы болуп иштерин билдирген.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматынын жардамчысы жасалма документ жана курал-жарак менен кармалбаганын аталган мекеменин маалымат катчысы Эркин Сазыков билдирди.

Кол кишечен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Башкы салыкчынын "жардамчысы" жасалма документ жана курал-жарак менен кармалды
Буга чейин ИИМ 24 жаштагы Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарынын тургунуна тиешелүү "Тойота-Прадо" унаасы токтотулуп, андан Коррупцияга каршы коомдук кызматынын жана ИИМ башкармалыгынын кызматкери деген жасалма күбөлүк табылган. 

Сазыковдун айтымында, Салык кызматынын төрагасынын бир эле Эрмек Чоюнов аттуу жардамчысы бар, ал ИИМ тарабынан кармалган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0