Башкы салыкчынын "жардамчысы" жасалма документ жана курал-жарак менен кармалды

Жазылуу
Унаа ичинен тапанча жана кастет алынган. Кармалган адамдын айтымында, ал өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын жардамчысы болуп иштейт.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Укук коргоо кызматкеринин жасалма документтерин жана курал-жарак алып жүргөн жаран кармалганын ИИМ билдирет.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бөлүнгөн акчаны өзүнө ыйгарып, жасалма финансылык отчет берген кылмыштын бети ачылды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында 24 жаштагы Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарынын тургунуна тиешелүү "Тойота-Прадо" унаасы токтотулган. 

Текшерүү учурунда, автоунаадан Коррупцияга каршы коомдук кызматынын жана ИИМ башкармалыгынын кызматкери экенин тастыктаган жана сыртында "КР ИИМ" деп жазылган жасалма күбөлүк табылган.

Мындан тышкары, унаа ичинен тапанча жана кастет алынган. Кармалган адамдын айтымында, ал өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын жардамчысы болуп иштейт.

Аталган факт боюнча иликтөө иштери жүрүп, тийиштүү экспертиза дайындалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0