Өзбекстандан келе жаткан 1 млн. сомдук газ баллон контрабандасынын жолу буулду

© Sputnik / Табылды КадырбековАвтоунаага жүктөлгөн газ балондор. Архив
Автоунаага жүктөлгөн газ балондор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу мамлекеттен келе жаткан унаадан 694 даана газ баллон табылган. Текшерүү учурунда айдоочунун жүк ташууга укук берген документтери жок болуп чыккан.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Өзбекстандан Кыргызстанга газ баллондорун ташуучу туруктуу контрабандалык канал аныкталганын УКМКнын Корруцияга каршы кызматы билдирет.

Лейлек: тажикстандыктар 1 млн. сомдук металл алып кирип келе жатып кармалды
Маалыматка ылайык, коңшу мамлекеттен келе жаткан унаадан 694 даана газ баллону табылган. Жалпы жонунан жүктүн баасы бир миллион 125 миң сомду түзгөн. Текшерүү учурунда айдоочунун жүк ташууга укук берген документтери жок болуп чыккан.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28-беренесинин (“Кылмыш далалаты”) жана 204-беренсинин (“Контрабанда”) негизинде кылмыш ишин козголду. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0